Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-августу № 12/3
Орозбеков айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун (сугат, кайрак, көп жылдык бак, чөп чабынды) жерлеринин ижаралык мөөнөтү бүткөн жер аянттарына аукцион өткөрүү жөнүндө
Күн тартибиндеги «Орозбеков айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы кайра бѳлγштγрγγ фондунун (сугат, кайрак, көп жылдык бак, чөп чабынды) жерлеринин ижаралык мөөнөтү бүткөн жер аянттарына аукцион өткөрүү жөнүндөгү» маселени карап, талкуулап Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы кайра бѳлγштγрγγ фондунун(сугат, кайрак, көп жылдык бак, чөп чабынды) жерлеринин ижаралык мөөнөтү бүткөн жер аянттарына аукцион өткөрүлсүн
2. Орозбеков айыл өкмөтүнө уюштуруу иштерин жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөѳ жагы айылдык кеңештин агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | М. Эргешов |