Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-августу № 12-5/2
Охна гимназия мектебинин авариялык корпусун бузууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А. Жолдошовдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Охна гимназия мектебинин авариялык корпусун бузууга кеткен акча каражатын чечип берүү жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралсын.
2. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | М. Эргешов |