Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-августу № 12-5/4
Кадамжай райондук мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунун 14.08.2014-жылгы № 587-04 «Санитардык көрсөтмө № 69» каты жөнγндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнγнүн ФЭБ башчысы А. Алиевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай райондук мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунун 14.08.2014-жылгы № 587-04 «Санитардык көрсөтмө № 69» катындагы сунуштар боюнча Күлдү айылындагы таза суу түтүкчөсү боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | М. Эргешов |