Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-октябры № 13/4-6
Охна гимназия мектебинин жылытуу системасына генератор сатып берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча өкмөт башчы А. Жолдошовдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Охна гимназия мектебинин жылытуу системасынына генераторду мүмкүнчүлүккө жараша чечип берүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | М. Эргешов |