Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 1-декабры № 14/1
«2014-жылдын бюджетинин тогуз айынын аткарылышына карата жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы, төртүнчү кварталга бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»
Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2014-жылгы бюджетинин тогуз айынын аткарылышына жана төртүнчү кварталына кошумча сметанын абалы жөнүндө Орозбеков айыл өкмөтүнүн экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А. Алиевдин отчетун угуп, Орозбеков айыл өмөтүнγн 2014-жылга бюджети «Кыргыз Республикасынын 2014-жылга Республикалык бюджеттери жөнүндө» мыйзамдардын негизинде Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн экономика жана каржы бѳлγмγнγн башчысы-башкы эсепчи А. Алиевдин 2014-жылдын бюджетинин тогуз айынын аткарылышына бекитилген киреше бөлүгү 12210,4 миң сомго, чыгаша бөлүгү 10924,7 миң сомго аткарылышы жөнүндөгү отчету угулуп, канаттандырарлык деп табылсын.
2. 2014-жылдын бюджетинин төртүнчү кварталынын бекитилген киреше бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө киреше бөлүгүнүн жыл башында бекитилген планга кошумча берилген планга бюджеттин эсебине киреше бөлүгүнө № 1 тиркемеге, чыгаша бөлүгү № 2 тиркемеге ылайык, жыл башында бекитилген статьядан статьяга жылдыруулар № 3 тиркемеге ылайык жылдырылып бекитилсин.
3. Орозбеков айыл өкмөтүнүн финансы экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи Алтынбек Алиевке бюджетке тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы милдеттендирилсин.
4. Кадамжай райондук аймактык каржы бөлүмүнөн жогорудагы өзгөртүүлөрдү көңүлгө алуу жагы суралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орозбеков айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Эргешов |