Загрузка документа…
КУМ-ДѲБѲ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-февралы № 22/1
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджетине толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджетине толуктоолорду киргизүү жөнүндө ФЭБ башчысы-башкы эсепчиси Б. Тажиевдин маалыматын, айылдык кеңештин экономика, бюджет, салык боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылга бюджетинин кирешелери теңдештирүүчү гранттын көлөмү мурун Каржы министрлигинен келген контролдук цифрада 5553,1 миң сомдун үстүнө 1118.5 миң сом кошулуп, жалпы 6671.6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылга чыгымдар бөлүгү:
- башкаруу аппаратына- 6032,1 мин сом.
- агартуу тармагына- 3434,9 мин сом
- маданият тармагына- 1259,3 мин сом.
Баары- 10726,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Жогорудагы өзгөртүлүп кошулган 1118.5 миң сом теңдештирүүчү грант Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги аркылуу өзгөртүлгөндүгү белгиленсин.
3. 2016-жылдын киреше бөлүгүнүн бардык түрүнүн толук аткарылышын камсыз кылуу жагы салык инспекторлор К. Курманалиева, К. Абдраимова, Ж. Дуйшөкулова, А. Касмалиеваларга милдеттендирилсин.
4. Бул боюнча үзгүлтүксүз жетекчилик кылуу жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С. Убалиевге жана ФЭБ башчысы-башкы эсепчиси Б. Тажиевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин экономика, бюджет, салык боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Д. Кадыров |