Загрузка документа…
КУМ-ДѲБѲ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-февралы № 22/2
Кум-Дөбө айылдык кеңешинин № 1 Ак-Жар шайлоо округунан шайланган депутат Көчөкбаев Жумгалбек Жумакадыровичтин арызын кароо жөнүндө
Депутаттардын V-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Ак-Жар шайлоо округунан шайланган депутаты Көчөкбаев Жумгалбек Жумакадыровичтин жазган арызын, угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин № 1 Ак-Жар шайлоо округунан шайланган депутат Көчөкбаев Жумгалбек Жумакадыровичтин жазган арызы канааттандырылып, мыйзамга ылайык депутаттык мандатынан толугу менен ажыратылсын.
2. Депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин № 4146 Ак-Жар шайлоо округунан депутаттыкка талапкер, кийинки резервде турган атуулду бекитип берүү жагы Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Төрага | Д. Кадыров |