Загрузка документа…
КУМ-ДѲБѲ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-февралы № 22/3
Кум-Дөбө айылдык кеңешине коомдук башталышта түзүлгөн “Сары-Ала-Саз” коомдук үрөн фондунун башчысы Р. Маселовдун арызын кароо жөнүндө
Депутаттардын V-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, коомдук башталышта түзүлгөн “Сары-Ала-Саз” коомдук үрөн фондунун башчысы Р. Маселовдун 27.11.2015-жылдагы жыйынынын протоколун бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин аймагындагы коомдук башталышта түзүлгөн “Сары-Ала-Саз” коомдук фондусунун күбөлүк Уставы бекитилсин.
2. Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин аймагындагы коомдук башталышта түзүлгөн “Сары-Ала-Саз” коомдук үрөн фондусунун элдик жыйынында 27.11.2015-жылдагы протоколунун токтомунда көрсөтүлгөн Маселов Руслан лидер башчысы болуп дайындалсын.
3. “Сары-Ала-Саз” коомдук үрөн фондусунун ревизиялык комиссиянын курамы жана башчысы бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы жер, турак жай жана муниципалдык менчик боюнча адис Н. Осмоновго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кадыров |