Загрузка документа…
КУМ-ДѲБѲ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-майы № 23/1
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарда жазгы айдап-себүү иштеринин жүрүшү боюнча айыл башчылар Э. Мааткалымов, Н. Акматов, К. Турусбеков жана М. Дүйшөналиевдердин маалыматтары жөнүндө
Депутаттардын V чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын айыл башчылары Э. Мааткалымов, Н. Акматов, К. Турусбеков жана М. Дүйшөналиевдердин 2016-жылдагы жазгы айдап себүү боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын айыл башчылары 2016-жылга жазгы-айдап себүү боюнча маалыматтарында бир топ кемчиликтер болгондуктан, кийинки кезексиз сессияга калтырылсын.
2. Айыл башчылар толук маалыматтарын тактап, айылдык кеңеши “Айыл жана жер реформасы, айлана чөйрөнү коргоо, курулуш жана байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырып берүү жагы Э. Мааткалымов, Н. Акматов, К. Турусбеков жана М. Дүйшөналиевдерге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн башчысы С. Убалиевге тапшырылсын.
Төрайым | А. Тургуналиева |