Загрузка документа…
КУМ-ДѲБѲ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-майы № 23/4
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн соц. адиси Ж. Рахманованын жүргүзүп жаткан иштери жана аялдар күнүнө карата түзүлгөн иш планы жөнүндө
Депутаттардын V чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн соц. адиси Ж. Рахманованын жүргүзүп жаткан иштери жана аялдар күнүнө карата түзүлгөн иш планы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн соц. адиси Ж. Рахманованын жүргүзүп жаткан иштеринде кетирилген кемчиликтерден, сын-сунуштардан жыйынтык чыгаруу жагы эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүндө жөлөк пул алуу боюнча түзүлгөн 30.12.2014-жылдагы № 220 буйругу жокко чыгарылып, мурунку жөлөк пул алуу боюнча чыккан буйрук күчүндө калтырылсын.
3. Айыл өкмөтү боюнча жөлөк пул алуучулардын тизмеси жана айылдарга кыдырып баруучу графиги маалымат доскасына илинсин.
4. Жөлөк пул алууда өтө жакыр жашаган тургундарга соц. адис менен бирдикте көмөктөшүп жардам берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С. Убалиевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын Кум-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | А. Тургуналиева |