Загрузка документа…
КУМ-ДѲБѲ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-майы № 23/6
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу № 5 үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Убалиев Соңкөлбектин 2015-жылга аткарган иштери жана 2016-жылга карата даярдыгы жөнүндө маалыматы (С. Убалиев)
Депутаттардын V чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу № 5 үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси С. Убалиевдин отчётун, угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы № 5 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Убалиев Соңкөлбектин аткарып жаткан иштери “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
2. Айылдык кеңештин депутаттарынын жана айыл тургундардын талабы боюнча № 5 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна берилген автомашинанын капталына жана маңдайына өзгөчө белги менен “Тез жардам” деп жана гос номер алуу жагы № 5 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси С. Убалиевге милдеттендирилсин.
3. № 5 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна ФОМСтун рецептери менен арзандатылган дары-дармектер кимдерге берилээри жөнүндө маалымат доскасына илинсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдүк кылуу жана кийинки сессияда маалымат берүү жагы айыл өкмөт башчысы Убалиев Садыбакаска тапшырылсын.
Төрайым | А. Тургуналиева |