Загрузка документа…
КУМ-ДѲБѲ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-майы № 23/9
Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешине түшкөн арыздарды кароо жөнүндө
Депутаттардын V чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айылдык кеңешине келген арыздар боюнча маалыматтарды угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылындагы “Күржү-Булуң” участкасындагы ФПСтин жеринен кайракка чыгарылган 5.0 га жер Алимов Алишерге өздөштүрүүгө 3 жылга убактылуу 19.06 2008-жыл айылдык кеңешинин № 32 чечими менен берилгени, Ак-Жар айылынын жалпы элинен түшкөн арызынын негизинде айылдык кеңеши 11.08.2011-жылдагы № 21/9 сессиясынын токтому менен айыл өкмөтүнө кайра алуу жөнүндө токтом чыкканына карабастан, азыркы күндө колдонуп жаткандыктан, Кум-Дөбө айылдык кеңешинин кезектеги ХХШ-сессиясына сунуш киргизилгендиктен, 2016-жылы “Күржү-Булуң” участкасындагы пайдаланылган Алимов Алишердин жерине насостон суу жана айдаганга уруксаат берилбеши жөнүндө тааныштыруу жагы Ак-Жар айыл башчысы М. Дүйшөналиевге тапшырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылып аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С. Убалиевге милдеттендирилсин.
Төрайым | А. Тургуналиева |