Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-февралы № 3
Айыл чарба эмес жер аянтарын салыгынын К3 коэффициентин бекитүү
Кыргыз Республикасынын «Айыл чарба жана короо алдындагы дачалык жер участкаларын , калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкалары» жөнүндөгү мыйзамдарынын негизинде Могол айыл аймагынын юридикалык жана физикалык жактар тарабынан ээлеп турган айыл чарбасына арналбаган жер үчүн салык чегерүүнүн К3 коэффициентин белгилөө жана бекитүү боюнча айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Т. Джунусовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Могол айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жаңы салык кодексинин 327-беренесинин 8-пунктуна ылайык Могол айыл аймагынын юридикалык жана физикалык жактар тарабынан ээлеп турган айыл чарбасына арналбаган жер үчүн салык чегерүүнүн К зоналык коэффициентинин өлчөмү 2016-жылдын 1-январынан тартып 1 болуп бекитилсин.
2. Белгиленген айыл чарба багытындагы эмес жерлерди салык чегерүүнүн белгиленген коэффициентинин негизинде юридикалык жана физикалык жактар менен эсептешип жана көзөмөлдөп өндүрүү жагы финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Т. Джунусовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ч. Асрановго тапшырылсын.
Төрага | Б. Акимжанов |