Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-февралы № 4
«Могол айылдык кеңешинин 2016-жылга түзүлгөн иш-планын бекитүү»
Могол айылдык кеңешинин 2016-жылга түзүлгөн иш-планынын долбоорлору менен таанышып жана талкуулап Могол айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айылдык кеңешинин 2016-жылга түзүлгөн иш-планы бекитилсин.
2. Иш-пландын аткарылышын камсыз кылуу Могол айылдык кеңешинин катчысы Б. Алыбаевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Р. Юлдашовко жүктөлсүн.
Төрага | Б. Акимжанов |
Тиркеме
Могол айылдык кеңешинин 2016-жылга карата
ИШ ПЛАНЫ
№ |
Каралуучу иш пландардын мазмуну |
Убактысы |
Ким даярдайт
|
1 | 1. Могол айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2015-жылга аткарылышы жана 2016-жылга түзүлүшүн, 2017-2018-жылдарга божомолун бекитүү. 2. Айыл аймагынын 2016-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү. 3. Могол айылдык кенешинин иш планын бекитүү. 4. Туруктуу комиссияларынын иш пландарын бекитүү. 5. Ачы токой чарбасынын 2015-жылда аткарган иштеринин отчетун угуу.
|
I-кв |
Депутаттык топ |
2 | 1. Могол айылдык кенешинин аймагында жазгы-талаа жумуштарынын абалын кароо. 2. Кылмыштуулукту алдын алуу чаралары жана айыл аймагын тейлеген милициянын участкалык инспекторлорунун аткарган иштеринин отчету |
II -кв |
Депутаттык топ |
3 | 1. Могол айылдык кенешинин аймагындагы социалдык обьекттердин учурдагы оңдоодон чыгарылышы жана кышка даярдыгы жөнүндө. |
III -кв |
Депутаттык топ |
4 | Могол айыл аймагынын 2016-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча отчетун угуу.
|
IV- кв |
Депутаттык топ |
Могол айылдык кеңешинин катчысы: Б. Алыбаева