Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-февралы № 5
«Могол айылдык кеңешинин алдындагы туруктуу комиссияларынын 2016-жылга иш пландарын бекитүү»
Могол айылдык кеңешинин алдындагы туруктуу комиссияларынын 2016-жылга түзүлгөн иш-планынын долбоорлору менен таанышып жана талкуулап Могол айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айылдык кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын 2016 -жылга түзүлгөн иш-пландары бекитилсин.
2. Иш-пландарынын аткарылышын камсыз кылуу туруктуу комиссияларынын төрагаларына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Р. Юлдашовко жүктөлсүн.
Төрага | Б. Акимжанов |
Тиркеме
Элге билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын 2016-жылга карата
Иш планы
№ | Каралуучу иш пландар жана мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Кимдер даярдайт |
1 | Жаштарга билим берүү жана жаштар менен иш алып баруу чаралары | 1-5-9 айларда | Депутаттык топ |
2 | Калктын саламаттыгын сактоо жугуштуу оорулардын алдын алуу | 2-3-4-9 айларда | Депутаттык топ |
3 | Мектептердин кезектеги ремонтун жүргүзүү, шашке чай берүү абалын текшерүү | 2-4-9-10 айларда | Депутаттык топ |
4 | Жаштар арасында миграцияны азайтуу жана жумуш ордун түзүү чаралары | 2-4-9-10 айларда | Депутаттык топ |
5 | Айылдык кеңешинин аймагындагы билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелердин кышка даярдыгын көрүү | 9-10-11 айларда | Депутаттык топ |
6 | Электр тармактары боюнча жана байланыш бөлүмдөрүнүн иштөө абалын кароо. | 2-7-12 айлар | Депутаттык топ |
7 | Электр энергиясын эсептөө жана акчасын төлөөнү почта бөлүмүнө которуу боюнча иш алып баруу. | Жыл ичинде | Депутаттык топ |
8 | Билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде иштеп жаткан кызматкерлердин социалдык абалын кароо, билим денгээлин жогорулатуу боюнча иш чараларын кароо, маданият мекемелеринин жана кызматкерлеринин ишин жана иштоо тартибин кароо. | Жыл ичинде | Депутаттык топ |
9 | Калктын саламаттыгын сактоо боюнча балдарга жугуштуу ооруларды алдын алууга эмдөөлөрдү жүргүзүү абалы | Жыл ичинде | Депутаттык топ |
10 | Жаштар арасында спорттук мелдештер, маданият иш чараларды уюштуруунун жүрүшү жөнүндө | Жыл ичинде | Депутаттык топ |
11 | Жакыр жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн социалдык абалын жана аларга берилүүчү жөлөк акча материалдык жардамдардын берилүүсүнүн абалын кароо | Жыл ичинде | Депутаттык топ |
12 | Жаш үй-бүлөлөргө там арка жер аянтын бөлүп берүүнү кароо | Жыл ичинде | Депутаттык топ |
13 | Ашыкча чыгымдарды жана ысырапкорчулукту жоюу жана жөнгө салуу | Жыл ичинде | Депутаттык топ |
14 | Гуманитардык жардамдарды крийтерийге ылайык берилүүсүн көзөмөлдөө. | Жыл ичинде | Депутаттык топ |
15 | Окубай жүргөн балдарды мектепке тартуу боюнча иш чараларды жүргүзүү | Жыл ичинде | Депутаттык топ |
Элге билим берүү саламаттыкты сактоо,
маданият жана жаштар менен иштөө боюнча
туруктуу комиссиянын төрагасы: Р. Султанкулов
Могол айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, өнөр жай, курулуш, транспорт жана элге кызмат көрсөтүү боюнча Могол айылдык кеңешинин туруктуу комиссиянын 2016-жылга карата
Иш планы
№ | Каралуучу иш пландар жана мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Кимдер даярдайт |
1 | Могол айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата түзүлгөн бюджетин талдоо жана сессияга алып чыгуу | I- квартал | Депутаттык топ |
2 | Могол айыл аймагындагы мекемелердин жылдык отчётун жана проблемаларын угуу. | II- квартал | Депутаттык топ |
3 | Айыл аймагында кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү. | Ар квартал сайын | Депутаттык топ |
4 | Инвестицияларды кароо жана аларды эффективдуу пайдалануусуна көмөк көрсөтүү. | Ар квартал сайын | Депутаттык топ |
5 | Айыл өкмөтүндө отуп жаткан тендерлерге катышу. | Ар квартал сайын | Депутаттык топ |
6 | Экономикалык кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү. | Ар квартал сайын | Депутаттык топ |
7 | Могол айыл аймагында жайгашкан мекеме, иш-каналарга жана элге берилген бюджеттен каралган акча каражатын көзөмөлдөө.ю | Ар квартал сайын | Депутаттык топ |
Могол айылдык кенешинин
экономика, план, бюджет, өнөр жай, курулуш,
транспорт жана элге кызмат көрсөтүү боюнча
туруктуу комиссиянын төрагасы: Р. Асранов
Могол айылдык кенешинин алдындагы коомдук тартипти сактоо боюнча
туруктуу комиссиянын 2016-жылга карата
Иш планы
№ | Каралуучу иш пландар жана мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Кимдер даярдайт |
1 | Коомдук тартипти сактоо жана алардын алдын алуу максатында иш алып баруу. А) Спирттик ичимдиктердин сатуунун эрежелерин тартипке салуу. Б) Тунку рейдерди тез-тез өткөрүү.
| I-IV квартал | Туруктуу комиссия, участкалык инспектор |
2 | Могол айыл аймагында ар бир айылда түзүлгөн аксакалдар сотторунун жүргүзгөн иштери жөнүндө | Ар бир кварталда | Туруктуу комиссия |
3 | Могол айыл аймагындагы тартиптин сакталышы боюнча милициянын участкалык инспекциясынын жүргүзгүн иштери жөнүндө. А) Милициянын участкалык инспекциясынын отчётторун угуу. Б) Алдында турган иштери жөнүндө маалыматын угуу.
| I-IV квартал | Туруктуу комиссия |
4 | Могол айыл аймагынын алдындагы коомдук тартипти бузгандар менен профилактикалык иш алып баруу жана жекече иш жүргүзүү. А) Ар бир айылдын аксакалдар комитети менен коомдук тартипти сактоо боюнча иш алып баруу. Б) Жаштар уюму менен дайыма иш алып баруу. В) Аялдар комитети менен тыгыз байланышта иш алып баруу. Г) Мектеп рекети жана диний экстремизм, улуттар аралык тартипти сактоо боюнча иш алып баруу. | I-IV квартал | Туруктуу комиссия |
5 | Могол айыл аймагында коомдук тартипти бузгандарды биринчиден аксакалдар соту жана депутаттар аркылуу чечуу колго алынсын жана чечүүгө мүмкүнчүлүк болбосо анан ички иштер органына кайрылуу иштери жүргүзүлсүн
| I-IV квартал | Туруктуу комиссия |
6 | Туруктуу комиссиясынын аткарган иштери жөнүндө жылдык отчёттун угуу.
| Жыл аягында | Туруктуу комиссия |
Могол айылдык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулук жана
коомдук тартипти сактоо боюнча
туруктуу комиссиянын төрагасы: Т. Омурзаков