Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-февралы № 6
Айыл өкмөтүнүн 2016-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө
Могол айылдык кеңешинин аймагында айыл өкмөтүнүн 2016-жылга социалдык өнүгүү программасынын божомолу жөнүндө Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Турдукуловдун маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык кеңешинин VI чакырылышын кезектеги ХХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2016-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасы бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2016-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасында бекитилген иш-чараларды аткарууга алуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Могол айыл аймагынын башчысы Э. Турдукуловко тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Р. Юлдашовко жүктөлсүн.
Төрага | Б. Акимжанов |