Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-февралы № 8
№ 6 Тоо гγлγ балдар бакчасынын иштѳѳ абалы жѳнүндѳ
Элге билим берүү саламаттыкты сактоо, маданият жана жаштар менен иштѳѳ боюнча туруктуу комиссиянын маалыматынын негизинде Могол айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айыл аймагындагы № 6 Тоо гүлү балдар бакчасынын иштѳѳ абалынын начарлыгы белгиленсин.
2. №6 Тоо гүлү балдар бакчасынын тарбиячыларынын балдарга таалим-тарбия, билим берүү иштери начар экендиги аныкталгандыктан тарбиячылардын билим деңгээли жана комптентүүлүгү каралып текшерилип билим деңгээли жана кесиби ылайык келген адистерди иштетүү райондук билим берүү бөлүмүнө сунушталсын.
3. № 6 Тоо гүлү балдар бакчасынын жетекчисинин жок болуп тарбия иштеринин болгондугуна байланыштуу жетекчинин кызмат абалын тез арада чечип берүү райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4. Токтомдун аткрылышы боюнча кат жүзүндө Могол айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Р. Юлдашовко билдирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Могол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э. Турдукуловко милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Могол айылдык кеңешинин элге билим берүү саламаттыкты сактоо, маданият жана жаштар менен иштѳѳ боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Акимжанов |