Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-февралы № 9
Ооган-Талаа маданият үйүнүн иштѳѳ абалы жѳнүндѳ
Элге билим берүү саламаттыкты сактоо, маданият жана жаштар менен иштѳѳ боюнча туруктуу комиссиянын маалыматынын негизинде «Тарых жана маданият жылына» карата маданият тармагынын абалын жакшыртуу, ишти жандандыруу, маданий-массалык иш-чараларды жогорку деӊгээлде ѳткѳрүүлүсүн камсыз кылуу максатында Могол айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айыл аймагындагы Ооган-Талаа маданият үйүнүн абалынын начарлыгы белгиленсин.
2. Ооган-Талаа маданият үйүнүн кызматкерлеринин билим деӊгээли жана комптентүүлүгү каралсын жана маданият тармагында тишелүү кесиптик билими бар адистерди иштетүү райондук маданият бѳлүмүнѳн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Могол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э. Турдукуловко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Могол айылдык кеӊешинин элге билим берүү саламаттыкты сактоо, маданият жана жаштар менен иштѳѳ боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Акимжанов |