Загрузка документа…
МОНГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-февралы № 10
Китепканалар жѳнүндѳ
Элге билим берүү саламаттыкты сактоо, маданият жана жаштар менен иштѳѳ боюнча туруктуу комиссиянын маалыматынын негизинде, «Тарых жана маданият жылына» карата айылдык китепканалардын ишин жандандыруу, маданий-массалык иш-чараларды жогорку деӊгээлде уюштурууну жана ѳткѳрүүлүсүн камсыз кылуу максатында Могол айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айыл аймагындагы айылдык китепканалардын иштѳѳ абалы канаттандыраарлык эмес экендиги белгиленсин.
2. Китепканачылардын билим деңгээли жана комптентүүлүгү каралсын.
3. Могол айыл аймагындагы айылдык китепканалардын китепканачыларынын 60% пенсия жашында экендиги белгиленсин жана ишти жандандыруу, жакшыртуу максатында жогорку билимдүү жаш адистердин арыздарынын негизинде аларды иш менен камсыз кылуу чараларын кѳрүү райондук маданият бѳлүмүнѳ сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Могол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э. Турдукуловко милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Могол айылдык кеӊешинин элге билим берүү саламаттыкты сактоо, маданият жана жаштар менен иштѳѳ боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Акимжанов |