Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-майы № 12
«Зарделек Баткен” СПАнын, “Дара таза-суусу”, “Ак-суу Баткен” ИСКАКБнын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндѳ
Дара айыл өкмөтүнүн айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдердин ичүүчү таза суу жана сугат суу менен камсыз кылуу боюнча “Зарделек Баткен” СПАнын, “Ак-суу Баткен” ИСКАКБнын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги LXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 “Зарделек Баткен” СПАнын, “Ак суу Баткен” ИСКАКБнын элди таза суу менен камсыз кылууда жургузуп жаткан иштери айылдык кеңештин сессиясында айтылган сунуштарды эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Зарделек Баткен” СПАнын башчысы А. Умаровго, “Ак Суу Баткен” ИСКАКБ башчысы Р. Мамановго жана айылдык кенештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Мажилимов |