Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-майы № 13
Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык объектилердин, мектептердин кезектеги ремонт иштерине карата даярдыктарынын абалы жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык обьектилердин, мектептердин кезектеги ремонт иштерине карата даярдыктарынын абалы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А. Камаловдун даярдаган маалыматты угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги LXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык обьектилердин, мектептердин кезектеги ремонт иштерине даярдыктардын жүрүп жаткандыгы белгиленсин.
2. Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык обьектилердин, мектептердин ремонт иштерин жүргүзүүдө, керектөөлөрүнө айыл өкмөтү тарабынан мүмкүнчүлүгүнө карап жардам берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А. Камаловго жана айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Мажилимов |