Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 19-майы №14
Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин негизги счетунда 2016-жылдын 1-январына калган калдык 1771,0 сом акча каражаттарын чыгаша бөлүгүнүн сметасын бекитүү, 2016-жылдын 6 ай ичинде атайын эсебине 190,8 миң сом кошумча киреше бөлүгүн кириштөө жана чыгаша бөлүгүнүн сметасын бекитүү жана 2016-жылдын сметасын кээ бир статьяларынан башка статьяларына которуу жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата түзүлгөн бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Финанс-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Зайналовдун даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги LXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январына карата иштетилбей калган калдык 1771,0 миң сом акча каражаты төмөнкү багыттарга бөлүнсүн.
- Клубдардын имараттар жана курулуштар 3111-стьясына 408,4 миң сом клубдарды капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүүгө;
- балдар бакчасынын 3111-статьясына 138,0 миң сом бала-бакчаларды капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүүгө;
Аппараттын 3111-статьясына 1135,0 миң сом капиталдык курулуш курууга жана 2222-статьясына 89,6 миң сом учурдагы чарбалык максаттар үчүн башка предметтерди жана материалдарды сатып алууга бөлүнсүн;
2. Балдар бакчасынын атайын эсебинин ата-энелер фондунан кошумча түшүүчү 190,8 миң сом акча каражаты киреше бөлүгүнө кириштелип, балдар бакчасынын атайын эсебинин чыгаша бөлүгүнүн сметасынын 2218-статьясына тамак-аш азыктарына 190,8 миң сом акча каражаты иштетилсин.
3. Дара айыл өкмөтүнүн балдар бакчасынын 2016-жылдын сметасында каралган 2221-статьясындагы 621,8 миң сом акча каражатынын 581,4 миң сом акча каражаты 3111-статьясына 581,4 миң сому которулсун.
4. Клубдардын 2016-жылдагы сметасында каралган 2221-статьясындагы 495,7 миң сом, 2222-статьясындагы 399,7 миң сом акча каражаты, баары болуп 895,4 миң сом акча каражаттар клубтардын 3111-статьясына которулсун.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Зайналовго жана айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Мажилимов |