Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-май № 15
Бала бакча ачууга макулдук берүү жана Жобосун бекитүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн Кан айылындагы мектеп жашына чейинки балдардын билим алуусуна шарт түзүү, билим берүү, тарбиялоо иштерин өркүндөтүү максатында Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги LXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мектеп жашына чейинки балдардын билим алуусуна шарт түзүү, билим берүү, тарбиялоо иштерин өркүндөтүү максатында Дара айыл өкмөтүнүн Кан айылында
50 орундуу балдар бакчасын ачууга макулдук берилсин.
Мамлекеттик тилде толук аталышы: “Ак-Бешик” балдар бакчасы
Расмий тилде: Детский сад “Ак-Бешик”
2. Дара айыл өкмөтүнүн Кан айылындагы “Ак-Бешик” балдар бакчасынын Жобосу бектилсин.
3. Бала-бакчага тиешелүү болгон юридикалык документтерин мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Баткен райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн орун басары А. Камаловго жана айылдык кеңештин административдик укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Мажилимов |