Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-майы № 16
Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы дүкөндөрдө спирт ичимдиктерин сатууга чектөө киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2016-жылдын 26-апрелиндеги № Кл14-2/103 сандуу катынын негизинде Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 28-апрелиндеги № 01-22/546 сандуу катын негизинде Дара айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А. Мисиралиевдин даярдаган маалыматты угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги LXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы баардык дүкөндөрдө 18 жашка чыга элек өспүрүм балдарга спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынсын.
2. Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы дүкөндөрдө саат 22:00дөн кийин спирт ичимдиктери сатылбасын деген чектөөлөр киргизилсин.
3. Дара айыл өкмөтүнүн бардык айыл башчыларына, аймактык тескөөчүгө, аксакалдар сотуна, аялдар кеңешине баардык дүкөндөрдө 18 жашка чыга элек өспүрүм балдарга спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынганы, саат 22:00дөн кийин спирт ичимдиктери сатылбасын деген чектөө киргизилгендиги тууралуу элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дара айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Сайкаловго жана айылдык кеңештин административдик укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Мажилимов |