ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-майы № 17
Жаңы-Жер айылындагы көп жылдан бери пайдаланылбай жаткан № 406-контурдагы 7га жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө
Жаңы-Жер айылындагы көп жылдан бери пайдаланылбай жаткан № 406-контурдагы 7га жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө Дара айыл өкмөтүнүн жер адиси С. Дыйкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги LXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнө Жаңы-Жер айылындагы көп жылдан бери пайдаланылбай жаткан № 406-контурдагы 7га жер тилкесин элдерге ижарага берүү боюнча иш алып баруу жагы тапшырылсын.
2. Дара айыл өкмөтү Жаңы-Жер айылындагы көп жылдан бери пайдаланылбай жаткан № 406-контурдагы 7га жер тилкесин элдерге ижарага берүүдө Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине, жер тилкелерине менчик укугун берүү жана ижарага берүү жөнүндөгү типтүү Жобого ылайык иш жүргүзүшсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дара айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А. Камаловго жана айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Мажилимов |