Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-майы № 18
Чек айылындагы спорт сарайдын тарифин бекитүү жөнүндө
Чек айылындагы спорт сарайда ойногон атуулдарга тарифти бекитүү жөнүндө О. Тажибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги LXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек айылындагы спорт сарайды максаттуу пайдалануу үчүн иштөө графиги түзүлсүн.
2. 2016-жылдын март айынан баштап Дара айыл өкмөтүнүн тургундарына 1 саатына 300 (үч жүз) сом, башка жактан келгендерге 1 саатына 450 (төрт жүз элүү) сом болуп тариф белгиленсин.
3. Дара айыл өкмөтүнүн тургундарына жана спортсмендерине аптанын бейшемби жана жекшемби күндөрү акысыз машыгууга уруксат берилсин.
4. Чек айылындагы спорт сарайдын тарифин антимонополия комитети тарабынан бекитүү жагы О. Тажибаевге жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дара айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А. Камаловго жана айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Мажилимов |