Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-майы № 19
Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы жеке ветеринардык сервистердин элге акы алып кызмат көрсөтүү үчүн баалардын прейскуранттарын кароо жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы жеке вет.сервистердин элге акы алып кызмат көрсөтүү үчүн баалардын прейскуранттарын бекитүү жөнүндө Г. Айдаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги LXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы малдардын арасында ар-түрдүү жугуштуу оорулардын алдын алуу максатына ветеринардык пункт ачылсын.
2. Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы жеке ветеринардык сервистердин элге акы алып кызмат көрсөтүү үчүн түзүлгөн баалардын прейскуранттары бекитилсин
3. Дара айыл өкмөтүнүн аймагында жеке ветеринардык сервистердин башчылары элдерге малдарын, үй жаныбарларын эмдетүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.
4. Дара айыл өкмөтүнүн аймагында малдарын, үй жаныбарларын эмдетпеген адамдарга айып пул салынсын. Айып пул эң төмөнү 2000 (эки миң) сом болуп белгиленсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дара айыл өкмөтүнүн мал чарбасы жана ветеринария боюнча жетектөөчү адиси Д. Макановго жана айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Мажилимов |