Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-майы № 20
Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылындагы Кормо-цех участкасындагы 0,25га жер аянтын (трансфармациялоо) которуу жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн жер адиси С. Дыйкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги LXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылындагы “Кормо-цех” участкасындагы 0,25га жер тилкеси, жайыт жер категориясынан, калктуу конуштар категориясына (трансфармациялоого) которууга макулдук берилсин.
2. Жер тилкесинин категорияларын (трансфармациялоо) которуу үчүн тийиштүү болгон иш кагаздарын бекитип берүү жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун басары А. Камаловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мажилимов |