Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-майы № 21
Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды жана Жаңы-Жер айылдарына трансформатор алуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды жана Жаңы-Жер айлынын жашоочуларынын арызынын негизинде Жаңы-Жер айылынын айыл башчысы М. Момбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги LXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды жана Жаңы-Жер айылдарына трансформатор орнотуу үчүн трансформаторго тийиштүү болгон шаймандарды сатып алуу үчүн 80 000 (Сексен миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды жана Жаңы-Жер айылдарына трансформатор орнотуу үчүн трансформаторго тийиштүү болгон шаймандарды тактап, керектүү болгон акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Зайналовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Зайналовго тапшырылсын.
Төрага | А. Мажилимов |