Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 13-май № 10
Айыл өкмөтүндө элди электр энергия менен камсыз кылуу боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүндө элди электр энергия менен камсыз кылуу боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө билдирүүсүн угуп чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүндө элди электр энергия менен камсыз кылуу боюнча аткарып жаткан иштери белгиленсин.
2. Электр линияларына тоскоолдук кылган бак-дарактарды кыйдыруу, тазалоо, ремонттоо жумуштарын 2016-жылдын 10-июнуна чейин бүткөрүү жагы электр тармактар бөлүмүнүн башчысы С. Жалиловго милдеттендирилсин.
3. Трансформатор коюлуучу айылдарда да иштерди жүргүзүү жагы айыл башчыларга, айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Самаркандек айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Пирматов |