Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 13-майы № 12
Самаркандек айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы жайыт пайдалануу боюнча Аласан мейкин жамааты коомдук уюмунун бюджетин бекитγγ жѳнγндѳ
2016-жылга “Аласан мейкин жамааты” коомдук уюмунун тѳрагасы П. Ражаповтун бюджетинин киреше жана чыгаша бѳлγгγнγн бекитγγ жѳнγндѳгγ долбоорун угуп жана талкуулап Самаркандек айыл кеңешинин IV чакырылышынын IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы жайыт пайдалануу боюнча “Аласан мейкин жамааты” коомдук уюмунун бюджети 107000 (бир жγз жети миң) сом суммасында кабыл алынсын.
2. “Аласан мейкин жамааты” коомдук уюмунун жайыт акысын жыйноо тѳмѳндѳгγдѳй тарифте бекитилсин.
- жайлоого чыгуу 15 майдан башталсын.
- жайыт тѳлѳмдѳрγ тѳмѳнкγдѳй тартипте б.а.
Бир баш уйга – 80 сом
Бир баш музоого – 40 сом
Бир баш кой, эчки – 24 сом
Бир баш козу, улак – 12 сом
Бир баш жылкы, топоз – 120 сом
Бир баш кулун же мамалак – 60 сом
- тγтγн пул – 350 сом
- отун 1м.куб – 300 сом
- жер пайдалануу (огород) 1 сотых жер аянтына – 20 сом
3. Малдын ветеринардык абалын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Самаркандек айыл ѳкмѳтγнγн ветеринардык врачы А. Акылбековго милдеттендирилсин.
4. “Аласан мейкин жамааты” коомдук уюмунун жγргγзгѳн ишин кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Самаркандек айыл ѳкмѳтγнγн башчысы Н. Орозовго тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Самаркандек айылдык кеңешинин агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Пирматов |