Загрузка документа…
БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 2-марты № 108
"Бердике баатыр айыл аймагында муниципалдык ишкана тγзγγ жѳнγндѳ"
Депутаттардын Бердике баатыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектγγ № 21 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бердике баатыр айыл аймагында санитардык тазалоо, арык - каналдарды тазалоо, сугат суу жана ичγγчγ суу системаларын оңдоп тγзѳѳ иштерине жана айыл тургундарынын муктаждыктарына арзан баада кызмат кѳрсѳтγγсγ γчγн муниципалдык ишкана тγзγлсγн.
2. Муниципалдык ишкананын жетекчилигине Кумарык айылынын тургуну Б. Кулматов дайындалсын.
3. Муниципалдык ишкананын аталышы «Берен» муниципалдык ишканасы» - деп аталсын.
4. Муниципалдык ишкана Бердике баатыр айыл ѳкмѳтγнγн курамына кирсин жана айыл ѳкмѳттγн кармагында болсун.
5. Муниципалдык ишкананын ишмердγγлγгγнѳ толук камдуу кѳзѳмѳлдγ уюштуруу жана жγргγзγγ жагы Бердике баатыр айыл ѳкмѳтγнγн башчысы М. Борбашовго жγктѳлсγн.
Төрага | А. Беримкулов |