Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-апрели № 21/2
Ак-Суу айыл аймагындагы Аксы токой чарбасынын башкы токойчусу А. Карабаевдин 2015-жыл ичинде аткарган жумуштары жөнүндөгү маалыматы
Ак-Суу айыл аймагындагы Аксы токой чарбасынын жетекчиси А. Карабаевдин 2015-жыл ичинде аткарган жумуштары жөнүндөгү маалыматы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак- Суу айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагындагы Аксы токой чарбасынын башкы токойчусу А. Карабаевдин 2015-жыл ичинде аткарган жумуштары жөнүндөгү маалыматы кабыл алынсын.
2. Жайлоого көчүү жолдорун, булактарды тазалоо, Кичи–Жайлак жайлоосуна чыккан малды чектөө, жангак токойун туура бөлүштүрүү жагы Аксы токой чарбасынын башкармалыгына милдеттендирилсин.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл ѳкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т. Чойбековага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Шадыкановго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Төрөкулов |