Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-апрели № 21/3
Ак-Суу айыл аймагындагы Ак-Суу Электр тармагынын жетекчиси О. Атакуловдун 2015-жыл ичинде аткарган жумуштары жөнүндөгү маалыматы
Ак-Суу айыл аймагындагы Ак-Суу Электр тармагынын жетекчиси О. Атакуловдун 2015-жыл ичинде аткарган жумуштары жөнүндөгү маалыматы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак-Суу айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагындагы Ак-Суу Электр тармагынын жетекчиси О. Атакуловдун 2015-жыл ичинде аткарган иши “канааттандырарлык” деп белгиленсин.
2. Мазар, Суук-Башат айылдарындагы трансформаторлорду, электр чубалгыларына ремонт жумуштарын жасоо жагы Ак-Суу Электр тармагынын жетекчиси О. Атакуловго милдеттендирилсин.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл ѳкмөтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т. Чойбековага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С. Мамытовго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Төрөкулов |