Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-апрели № 21/5
Ак-Суу айыл аймагындагы “Үгүт-насаат” үйүн муниципалдык менчикке калтыруу жөнүндө
Ак-Суу айыл аймагындагы “Үгүт-насаат” үйүн муниципалдык менчикке калтыруу жөнүндө туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак- Суу айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагындагы “Үгүт-насаат” үйү жайгашкан имараты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине калтырылсын.
2. Ак-Суу айыл аймагындагы “Үгүт-насаат” үйү жайгашкан имаратты, толук инвентарлары менен айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу ФЭБ башчысы А. Кожобековго милдеттендирилсин.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т. Чойбековага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С. Мамытовго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Төрөкулов |