Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-апрели № 21/5-1
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылга киреше бөлүгүндө каралган “слайт” алууга бөлүнгөн акча каражатын которуу жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылга киреше бөлүгүндө каралган “слайт” алууга бөлүнгөн акча каражатын которуу жөнүндө туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак- Суу айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылга 70111 бөлүкчөсүнөн 31123290 беренесине бөлүнгөн 70,0 (жетимиш миң) сом акча каражатын ушул эле бөлүмүнөн жана беренесине “Суук-Башат” айылына таза суу чыгаруу үчүн суу түтүгүн сатып алууга которулуп берилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кенештин бюджет жана каржы комитетинин туруктуу комиссиясына билдирүү берип туруу жагы ФЭБ башчысы А. Кожобековго милдеттендирилсин.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл ѳкмөтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т. Чойбековага жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ө. Камчыбековго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Төрөкулов |