Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-апрели № 21/5-3
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылга 3111-беренесинин 31112290-бөлүмчөсүнөн 2211-беренесинин 22111100-бөлүмчөсүнөн 20575,00 (жыйырма миң беш жүз жетимиш беш) сом билимин жогорулатууга, окуудан өткөн кызматкерлер үчүн сапар чыгымына которуп берүү жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылга 3111-беренесинин 31112290-бөлүмчөсүнөн 2211-беренесинин 22111100-бөлүмчөсүнө 20575,00 (жыйырма миң беш жүз жетимиш беш) сом билимин жогорулатууга, окуудан өткөн кызматкерлер үчүн сапар чыгымына которуп берүү жөнүндө туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак- Суу айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылга 3111-беренесинин 31112290-бөлүмчөсүнөн 2211-беренесинин 22111100-бөлүмчөсүнө 20575,00 (жыйырма миң беш жүз жетимиш беш) сом билимин жогорулатууга, окуудан өткөн кызматкерлер үчүн сапар чыгымына которулуп берилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин туруктуу комиссиясына билдирүү берип туруу ФЭБ башчысы А. Кожобековго милдеттендирилсин.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл ѳкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т. Чойбековага жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ө. Камчыбековго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Төрөкулов |