Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-марты № 1
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн агрардык маселелери жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын жер участокторунун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын 6-7-12 беренелерине ылайык жана “Бийкомпакт” ЖЧКсынын директору Т. Садабаевтин кайрылуусуна негиз туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак-Суу айылдык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген “Бийкомпакт” ЖЧКсына 2013-жылдын 30-июлундагы № 3310 А Е жер казынасын пайдалануу укугуна ээлик кылган лицензиясына негиз Көк-Кыя участкасындагы жалпы аянты 60га жайыт жерди трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн жерди мыйзамга ылайык трансформациялоо Аксы райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын түзүлгөн комиссиянын курамына кирген айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Алымкулов милдеттендирилсин.
4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т. Чойбековага жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Шадыкановго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Төрөкулов |