Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-марты № 2
Ак-Суу айылынын Б. Мусабаев көчөсүндөгү № 21 «Таң-Шооласы» мектепке чейинки билим берүү уюмунун жер аянтын бекитип берүү жөнүндө
Ак-Суу айылынын Б. Мусабаев көчөсүндөгү № 21 «Таң-Шооласы» мектепке чейинки билим берүү уюмунун жер аянтын бекитип берүү жөнүндө жер адис А. Алымкуловдун кайрылуусуна негиз туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, Ак-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагындагы Б. Мусабаев көчөсүндөгү № 21 «Таң-Шооласы» мектепке чейинки билим берүү уюмунуна 2869 м2 жер аянты бекитилип берилсин.
2. Бөлүнгөн 2869 м2 жер аянты жерди мыйзамга ылайык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Аксы райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Алымкуловго милдеттендирилсин.
4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл ѳкмөтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т. Чойбековага жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Шадыкановго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Төрөкулов |