Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-марты № 3
Ак-Суу айыл аймагынын жайыт эсебинде турган “Кум-Булун” участкасынан жалпы аянты 35,0 га жакынкы жайыт жерди калктуу конуш категориясына которуу жөнүндө
Ак-Суу айыл аймагынын жайыт эсебинде турган “Кум-Булун” участкасынан жалпы аянты 35,0 га жакынкы жайыт жерди калктуу конуш категориясына которуу жөнүндө туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак- Суу айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагынын жайыт эсебинде турган “Кум-Булун” участкасынан жалпы аянты 35,0 га жакынкы жайыт жерди калктуу конуш категориясына которуу жана трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн жерди мыйзамга ылайык калктуу конуш категориясына которуу жана трансформациялоо Аксы райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Алымкуловго милдеттендирилсин.
4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл ѳкмөтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т. Чойбековага жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Шадыкановго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Төрөкулов |