Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-марты № 3/1
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуш эсебиндеги өсүш жерден турак жай салуу үчүн жер тилкелерин калктуу конуш категориясына которуу жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуш эсебиндеги өсүш жерден турак жай салуу үчүн жер тилкелерин калктуу конуш котегориясына которуу жөнүндө айыл өкмөүнүн жер адиси А. Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуш эсебиндеги өсүш жерден турак жай салуу үчүн жер тилкелерин калктуу конуш категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн жерди мыйзамга ылайык калктуу конуш котегориясына которуу жана трансформациялоо Аксы райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Алымкуловго милдеттендирилсин.
4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл ѳкмөтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т. Чойбековага жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Шадыкановго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Төрөкулов |