Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-марты № 4
Ак-Суу айыл аймагынын Коргон-Дөбө айылынын Бел-Өрүк участкасынын жашоочу тургундарынын атынан К. Шеркулов атындагы орто мектепте 20 жылга жакын эмгектенген Абдесбаев Маматкеримдин атын көчөгө коюу жөнүндө
Ак-Суу айыл аймагынын Коргон-Дөбө айылынын Бел-Өрүк участкасынын жашоочу тургундарынын атынан К. Шеркулов атындагы орто мектепте 20 жылга жакын эмгектенген Абдесбаев Маматкеримдин атын көчөгө коюу жөнүндө туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Мамытовдун билдирүүсүн угуп, Ак- Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагынын Коргон-Дөбө айылынын Бел-Өрүк участкасынын көчөсүнө К. Шеркулов атындагы орто мектепте 20 жылга жакын эмгектенген, эмгеги синген Абдесбаев Маматкеримдин аты коюлсун.
2. Бул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Алымкуловго милдеттендирилсин.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл ѳкмөтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т. Чойбековага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссиянын төрагасы С. Мамытовго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Төрөкулов |