Загрузка документа…
ТАШ-КѲМYР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-марты № 9
“Муниципалдык менчик департаментинин 24.02.2016–жылдагы «Кызыл-Жар шаарчасынын аймактык башкармалыгын ичγγчγ таза суу менен камсыз кылуу γчγн 2016-жылга суунун тарифин карап берγγ» тууралуу № 01-17/93 кайрылуу каты жѳнγндѳ”
Муниципалдык менчик департаментинин 24.02.2016–жылдагы «Кызыл-Жар шаарчасынын аймактык башкармалыгын ичγγчγ таза суу менен камсыз кылуу γчγн 2016-жылга суунун тарифин карап берγγ» тууралуу № 01-17/93 кайрылуу каты боюнча шаардык кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы Э. Кулуевдин маалыматын угуп жана талкуулап Таш-Кѳмγр шаардык депутаттар кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги 36 cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчик департаментинин 24.02.2016–жылдагы «Кызыл-Жар шаарчасынын аймактык башкармалыгын ичγγчγ таза суу менен камсыз кылуу γчγн 2016-жылга суунун тарифин карап берγγ» тууралуу № 01-17/93 кайрылуу каты боюнча шаардык кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы Э. Кулуевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл-Жар шаарчасы боюнча 2016-жыл γчγн суунун тарифи калкка 1 м3 х 8 сом 24 тыйын, бюджеттик мекемелерге жана ѳндγрγштγк ишканаларга 1 м3 х 15 сом 12 тыйын, жеке ишкерлереге 1 м3 х 30 сом 00 тыйын ѳлчѳмγндѳ бекитилсин.
3. Токтомду аткаруу жана Кызыл-Жар шаарчасынын тургундарына массалык маалымат каражаттары аркылуу маалымдоо, тγшγндγрγγ иштерин жγргγзγγ жагы муниципалдык менчик департаментине (О. Нурманбетов) милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизγγ жагы шаардык кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтγγ массалык маалымат каражаттарында жарыяланган кγндѳн тартып кγчγнѳ кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу шаардык кеңештин «Экономика жана бюджет» боюнча туруктуу комиссиясына (Э. Кулуев) жγктѳлсγн.
Төрага | М.С. Кулдышев |