Загрузка документа…
ТАШ-КѲМYР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-марты № 11
«Шаардын жана шаарчалардын аймагындагы айрым кѳчѳлѳргѳ ысымдарды коюу тууралуу кайрылуу каттары жѳнγндѳ»
Шаардын жана шаарчалардын аймагындагы айрым кѳчѳлѳргѳ ысымдарды коюу тууралуу келип тγшкѳн кайрылуу каттары жѳнγндѳ шаардык кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы С. Бабатаевдин билдирγγсγн угуп жана талкуулап Таш-Кѳмγр шаардык депутаттар кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги 36-cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын жана шаарчалардын аймагындагы айрым кѳчѳлѳргѳ ысымдарды коюу тууралуу келип тγшкѳн кайрылуу каттары жѳнγндѳ шаардык кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы С. Бабатаевдин билдирγγсγ эске алынсын.
2. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, маркум Абайдуллаев Токтосундун ысымын тγбѳлγккѳ калтыруу максатында Шамалды-Сай шаарчалык аймактык башкармалыгынын Московская кѳчѳсγ «Абайдуллаев Токтосун» атындагы кѳчѳ деп ѳзгѳртγлγп аталсын.
3. Айылдык кеңештин γч жолку депутаты маркум Токтоназаров Токтоматтын ысымын тγбѳлγккѳ калтыруу максатында Тендик аймактык башкармалыгындагы мурунку МТФнын мал сарайы жайгашкан аты жок кѳчѳгѳ ыйгарылсын жана «Токтоназаров Токтомат» атындагы кѳчѳ деп аталсын.
4. Жаңы ысымдар ыйгарылган кѳчѳлѳргѳ жазуу белгилерин даярдап илγγ жагы шаардык муниципалдык менчик департаментине, Шамалды-Сай шаарчасынын аймактык башкармалыгына, “Теңдик” аймактык башкармалыгына милдеттендирилсин.
5. Мындан ары ушул токтомго ылайык ар кандай нормативдик актыларды жана башка каттоо иштерин жγргγзγγ шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мγлктγ каттоо бѳлγмγнѳ (К. Каныбековго), ЗАГС бѳлγмγнѳ (М. Кулмырзаева), паспорт жана виза кызматына, шаардык архитектурага, мамлекеттик наториалдык конторага (Г. Юлдашева), социалдык фондко (М. Жанабулов), «Кыргыз почтасы» мамл. ишканасына (К. Кыдыралиев) милдеттендирилсин.
6. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизγγ жагы шаардык кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
7. Токтом жергиликтγγ массалык маалымат каражаттарында жарыяланган кγндѳн тартып кγчγнѳ кирсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаардык кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (С. Бабатаев) жγктѳлсγн.
Төрага | М.С. Кулдышев |