Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-апрели № 2
«Момбеков айыл ѳкмѳтγнγн тургундарына турак жай салуу γчγн ажыратылган жер аянттарын генералдык планга ылайык аянттарын белгилѳѳ жѳнγндѳ»
Момбеков айыл ѳкмѳтγнγн орун басары Т. Эгембердиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Момбеков айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын 28-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айыл ѳкмѳтγнγн орун басары Т. Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Турак жай салуу γчγн 2011-жылы генералдык пландын негизинде даярдалган Жазгак айылындагы жер аянттары 0,10 га ажыратылып берилсин.
3. Турак жай салуу γчγн 2015-жылы генералдык пландын негизинде даярдалган жер аянттары 0,08 га ажыратылып берилсин.
4. Турак жай куруу γчγн жер аянттарын мыйзам чегинде так, туура ажыратып берγγ жагы турак жай куруу γчγн жер аянттарын ажыратуу боюнча комиссия курамына жана жер, жана турак жай боюнча башкы адис Б. Раманкуловго жγктѳлсγн.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жγктѳлсγн.
Төрага | Б. Мусурманкулов |