Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-апрели № 1
“Кыла КС” кредиттик союзунун жана “Ак Жол К” техсервисинин жетекчилеринин маалыматын угуу жѳнγндѳ”
Момбеков айыл ѳкмѳтγнγн “Кыла КС” кредиттик союзунун жана “Ак Жол К” техсервисинин жетекчилеринин маалыматтарын угуп жана талкуулап Момбеков айылдык кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезексиз 29-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыла КС» кредиттик созунун жетекчиси К. Мамасыдыковдун жана «Ак Жол К» техсервисинин жетекчиси К. Акынбековдун маалыматтары канааттандырарлык эмес деп табылсын.
2. “Кыла КС” кредиттик союзунун жана “Ак Жол К” техсервисинин жγргγзгѳн иштерин тактап чыгуу боюнча тѳмѳндѳгγдѳй курамда комиссия тγзγлсγн.
Мамамтибаримов Абдиллай -комиссиянын тѳрагасы
Юлдашева Зияда - комиссиянын мγчѳсγ
Атамкулов Байыш -/-/
Сейитова Жамила -/-/
Эргешов Молдали -/-/
Кошоев Каныбек -/-/
Сейитканов Абдыганы -/-/
3. Жогоруда тγзγлгѳн комиссия курамы “Кыла КС” кредиттик союзунун ѳздγк эсеп счетундагы акча каражатын тактоо, кредиттик союзунун пайшиктери менен жыйналыштарды ѳткѳрγγ жана “Ак Жол К” тех сервисинин балансындагы айыл чарба унааларын, шаймандарынын санын тактап жогорудагы текшерγγлѳрдγн жыйынтыгынын негизинде Элдик курултайга чыгаруу жагы жγктѳлсγн.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин тѳрагасы Т. Мусурманкуловго жγктѳлсγн.
Төрага | Т. Мусурманкулов |