Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-майы № 1
“Момбеков айыл аймагындагы чыгарылган таштандыларды таштоо γчγн Бостон айылынан жер аянтын жана АРИСтин ПРЖР долбоорунун негизинде курулуп жаткан Беккери чункуруна жер аянтын ажыратып берγγ жѳнγндѳ”
Момбеков айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 07.03.2014-жылдагы № 1–протоколу жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын жерлерди трансформациялоо боюнча комиссиясынын 12.05.2016-жылдагы корутундусунун негизинде Момбеков айылдык кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезексиз 30-сессияы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы А. Сейиткановдун маалыматы эске алынсын.
2. Момбеков айыл аймагындагы чыгарылган таштандыларды таштоо γчγн Бостон айылындагы № 311-312 контурундагы айыл чарбасына жараксыз таштак жерден 3,0 га жер аянты ажыратылсын.
3. АРИСтин ПРЖР долбоорунун негизинде курулуп жаткан Беккери чуңкуруна таштандыларды таштоочу жер жер аянтынан 30 квадрат метр жер аянты ажыратылып берилсин.
4. Тийиштγγ иш кагаздарын даярдап берγγ жагы Ноокен райондук шаар курулуш жана архитектура башкармасынан, райондук кадастр жана кыймылсыз мγлккѳ болгон укуктарды коргоо башкармасынан жана областтык экология башкармасынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳт башчысы Д. Тѳрѳкановго жγктѳлсγн.
Төрага | Т. Мусурманкулов |