Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-июлу № 22
Аймактык шайлоо комиссия курамына жана резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө мыйзамына, КР 2013-жылдын 19-февралындагы N 23, 2014-жылдын 13-мартындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык участкалык шайлоо комиссияларынын негизги курамын жана резервинин курамын бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз LXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы № 8079 Жаңы-Жер, № 8080 Чек, № 8081 Кан, № 8082 Жаңырык, № 8083 Кайыңды участкалык шайлоо комиссияларынын негизги курамы жана резервинин курамы түзүлсүн. ( тиркемелер тиркелет)
2. Аймактык шайлоо комиссиясынан участкалык шайлоо комиссияларынын негизги курамын жана резервинин курамын бекитип берүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин административдик укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А. Мисиралиевге милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Мажилимов |