Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-июлу № 25
Дара айыл өкмөтүнүн “Көккуру” участкасындагы 202,6 га участкада гэологоялык-изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн “Көккуру” участкасындагы 202,6 га участкада гэологоялык-изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндөгү даярдалган билдирүүнү карап чыгып, талкуулап Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз LXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “САНАИМ” ЖЧКсуна Дара айыл өкмөтүнүн “Көккуру” аянтындагы 202,6 га жер аянтында геологиялык-чалгындоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун басары А. Камаловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мажилимов |