Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-июлу № 27
Тунук-Суу айылына жакын жердеги “Бордун башы” жайытына короо сарай салуу жөнүндө
Дара жайыт комитети 2016-жыл ичинде АРИС уюму менен биргеликте “Жайыттарды жана базарды өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Дара айыл аймагынын айылдарында мал чарбалыгына керектүү ар-түрдүү обьетилерди куруу үчүн долбоор түзүлүп, Тунук-Суу айылына жакын жердеги “Бордун башы” жайытына короо сарай салуу жөнүндө даярдалган билдирүүнү угуп, талкуулап Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз LXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн Тунук-Суу айылына жакын жердеги “Бордун башы” жайытына 0,50 га жер аянтына короо сарай салууга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун басары А. Камаловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мажилимов
|